Арстанбапта “Ак илбирс” ден соолукту чыңдоо жана балдардын эс алуу борбору ачылды

0

2010-жылга чейин сепаратист Кадыржан Батыровдун жеке менчигинде болуп, 2019-жылы мамлекетке улутташтырылып, УКМКнын балансына өткөрүлгөн Базар-Коргон районунун Арстанбап айылындагы эс алуу борбору ушул күнгө чейин каралбай, эскилиги жетип, дээрлик таштанды абалда калган.

КРнын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен мамлекеттик бюджеттен каражат коротулбастан, эс алуу борбору УКМКнын Жалал-Абад облустук Башкы башкармалыгына караштуу “Ак илбирс” ден соолукту чыңдоо жана балдардын эс алуу борбору болуп кайрадан курулду.

Бүгүн, 13-июлда, КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жана Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиевдин катышуусунда аталган борбор ачылып, пайдаланууга берилди.

Ачылуу аземине Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, атайын кызматтын жетекчилик жана өздүк курамы, УКМКнын ардагерлери катышты.

“Ак илбирс” борборунда эс алуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн: 120 орундуу жатакана, китепкана, 100 орундуу кинотеатр, спорт залы, кичи футбол аянтчасы, спорт аянтчалары, 2 бассей, ашкана жана башка шарттар бар.
Борбор негизинен УКМКнын кызматкерлеринин тогуз жаштан он төрт жашка чейинки балдарын кабыл алат. Атайын кызматта иштебеген жарандардын балдарын кабыл алуу жагы да жолго коюлган.

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген