Туристтик жайлар

Жалал-Абад жергеси баардык келген туристтерге жана жергиликтүү конокторго саякаттоодо кайталангыз сезимдерди тартуулайт.

Облус бийик ландшафы, флора жана фаунасынын өзгөчө курамы менен Кыргызстандын түштүгүнүн жаратылышынын уникалдуулугун тастыктап турат. Жаңгак жана ийне жалбырактуу токойлору, бадалдар жана талаалары менен айкалышып  ажайып кооздукту чагылдырат. Мунун баары аймактын экологиялык туризмге жагымдуу жаратылыштык-климаттык шарттары бар экенинен кабар берет.

Бул түштүк дубан туристтерге Арстанбап жаңгак токою, Сары-Челек көлү, Токтогул суу сактагычы, Кызыл-Үңкүр, Көк-Арт аттуу белгилүү жаратылыш зоналары менен кеңири тааныш. Андан тышкары облустагы Сафед-Булан, шах-Фазиль аттуу эстеликтер жана ошондой эле жер астынан агып чыккан минералдык суулар туристердин арасында өзгөчө белгилүү.

“Шах-Фазил” тарыхый-маданий комплекси 

“Шах-Фазил” тарыхый-маданий комплекси Жалал-Абаддын Ала-Бука районундагы Сафед-Булан айылында жайгашкан.

Күмбөздөр 11-12-кылымдарда Караханиддер доорунда курулган. Комплексттин ичинде Шах-Фазилдин күмбөзү, баштар көмүлгөн күмбөз, Булан аттуу кыз коюлган “Сафед-Булан” күмбөзү жана башка сахабалардын мүрзөлөрү бар. “Шах-Фазиль” күмбөзү Фергана чөлкөмүнө ислам динин орнотуунун изи катары белгилүү.

Уламыштар боюнча сахабалар 7-кылымдарда Фергана өрөөнүнө ислам динин орнотуу үчүн келгенде аларды мечитте кырып кетишкен. Кийин көмүлгөн жерден 2772 баш табылган деп айтылат. Эң кызыгы, Сафед-Булан айылынын тарыхы да күмбөз менен байланыштуу. 11-12-кылымдарда Мухаммед пайгамбардын небереси Шах-Жарир чоң атасынын тапшырмасы боюнча 12 миң аскери менен Фергана өрөөнүнүн элине исламды жайылтуу үчүн келет. Жеринин кооздугуна карап Ала-Буканы жердеп калышат. Ислам дини тууралуу түшүнүгү жок, өздөрүнчө топ-топ болуп ар башка динге баш ийген карапайым калк алгач Шах-Жарирдин үгүтүнө моюн сунган эмес.

Ортодон бир нече мезгил өткөндөн кийин аймактын башкаруучусу Ихшид менен Буайданын атасы динди жайылтууга келген арабдарга кол салууну пландашат. Кол салуу жума күнкү намаз убактысына белгиленет. Жума күнү арабдар жума намазга мечитке чогулушат. Буайда кол салуу боюнча кабар угат да, бул тууралуу Жарирге айтат. Намазды бузууга болбойт эле, антсе да арабдар намазды кыска окуп, салгылашууга даяр турууну чечишет. Бирок, бир себептерден улам, мүмкүн жаңылыппы, айтор, кыска эмес, узун намазга жыгылууга өтүшөт.

Козголоңчулар мечитке кирип келишип, сыйынып жаткан адамдарды башын чекеден кылычтап киришет. Ошондо Алланын кудуреттүү күчү менен дубалда оюк пайда болот да, Жарир ал жер аркылуу өтүп, өзүн жана жакын адамдарын куткарып калууга жетишет. Окуяны уккан калган арабдар кандуу окуя болгон жерге келишип, Алладан жүз бургандардан мечиттин ичине кирип, жарадар болгондор менен дүйнө салгандардын денелерин чогултуп кетүү үчүн бир күн сурашат.

Ошол убакта кандуу окуя болгон жерде арабдардын биринин кара терилүү жаш кызматчы күңү өзүнүн кожоюнунун башын издейт. Күңдүн аты Боболон болот. Ал кожоюнунун өлгөнү анык болсо, башы азат болмок. Боболон кесилген 2700 баштын баарын чогултуп, аккан сууга жууй баштайт. Бирок, кожоюнунун башын таппай коёт.

Кыз баштарды жууп бүтүп бир жерге чогултуп, таш менен корумдайт. Баштардын баарын жууп бүткөнчө Кудайга жагаарлык иши үчүн Алланын кудуретинин артында ал капкара кыздан аппак кызга айланат. Бир нече убакыттын ичинде аппак кызга айланган кызды эч ким тааныбай калат. Аны көргөндөр Сафед-Булан (Аппак-Боболон) деп аташат. Ошол замандан тартып Сафед-Булан жашаган кыштак анын атынан Сафед-Булан деп аталып калган.

“Саймалуу-Тш”: Ачык асман алдындагы сүрөт галерея

Кыргыз жеринде ары кызыктуу, ары сырдуу тарыхый жайлар көп. Алардын ичинде түпкү мааниси ушул убакка чейин белгисиз бойдон келе жаткан, сыры толук ачыла элек аймактар бар. Алардын бири – Саймалуу-Таш петроглифтер галереясы.

Ал Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда жайгашып, деңиз деңгээлинен 3200-3400 метр бийиктикте жайгашкан. Ээлеген аймагы болжол менен 7-10 гектарды түзөт. Облус борборунан 200 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Саймалуу-Таш коругу дүйнөдөгү ири петроглиф галереяларынын бири болуп саналат. Ачык асман алдында жаткан жүздөгөн таштардын бетине түшүрүлгөн айрым белгилерди түшүнүү кыйын. Бирок жан-жаныбарлардын, адамдардын сөлөкөттөрү жана башка символдор кыргыздын ошол доордогу жашоо тиричилигин, маданиятын, коомго, жаратылышка болгон түшүнүктөрүн чагылдырат. Тарыхчылардын айтымында, андагы таш бетине түшүрүлгөн жазуулар, белгилер жана сүрөттөр 7-10 миң жыл мурда чегерилген.

       

“Ыдырыс пайгамбардын күмбөзү”

Чаткал районундагы тоо башында жайгашкан байыркы кылымдарга таандык турак жай – Ыдырыс пайгамбардын күмбөзү деп аталып, Орто Азияда ыйык зыярат кылуучу жерлердин катарына кирет. Ага Кыргызстандан гана эмес, бүткүл Орто Азиядагы мусулман өлкөлөрүнөн  да зыяратка келип турат.

Ыдырыс пайгамбар ааламдагы үчүнчү пайгамбар. Адамзатына эң биринчи болуп кийим тигип, колуна калем кармап, жаза билген сабаттуу пайгамбар делет. Диний мазмундагы китептерде Ыдырыс пайгамбар табият менен өсүмдүктөрдүн сырын билген, дили таза, чынчыл инсан катары сүрөттөлөт.

Бул пайгамбар укмуштуудай жомок уламыштарга айланган. Он сегиз миң ааламдын сырын билип, асмандын сырларын Алла тааланын өзүнөн өздөштүргөн экен ал. Ошондуктан ага жараткан жер кыдырып, аалам кезип келүүгө уруксат берген делет. Мына ошондо Ыдырыс пайгамбар канчалаган жерлердин арасынан абасы таза, суусу мол Чаткалдын табиятына кызыгып келип, ал жерде туруп калган деген уламыштар азыр да эл оозунда айтылып жүрөт.

Пайгамбардын күмбөзүнүн ичинде табыт коюлчу жерге окшоштурулуп жасалган жай бар. Бирок, анын оозу ачык, бул – ал жайда кабыр бар бирок, пайгамбардын сөөгү жоктугунан кабар берет. Эгер күмбөздө пайгамбардын сөөгү жашырылбаса эмне үчүн күмбөз Ыдырыс пайгамбардын күмбөзү деп аталып калган? Мунун да өзүнчө легендасы бар.

Ыдырыс пайгамбар орозо айында ооз ачып отурса ага Азирейил периште келген экен. Азирейилден Алланын амири менен пайгамбар чын дүйнөгө бир жолу кирип келүүнү өтүнүптүр. Азирейил периште пайгамбардын айтканына макул болот. Ыдырыс пайгамбар жан берип, адегенде тозокко түшкөн экен. Ал жакты көрүп, азабын тарткан соң бейишке киргизилет. Ыдырыс пайгамбар бейиштин жанга жагымдуулугуна суктанып турган кезинде Азирейилдин «убакыт бүттү чык»- деген үнү угулат. Ыдырыс пайгамбар азыр деп, бейиште бир кепичин калтырып, кайра чыгып, “кепичим анда калды, алып алайын” деп кайра кирип кетет. Ошондо Азирейил периштеге Алланын “Ыдырыс эми бейиште”- деген авазы угулат.

Ошентип пайгамбар азыр күмбөз тургузулган жерде, бейишке кирип кайып болуп кеткен делет уламыштарда. Күмбөздү зыяратчылар жан дүйнө менен жаратканды байланыштырган, бейишке жол ачылган ыйык жай катары кабылдашат.

“Курманбек” баатыр

“Курманбек” XVI–XVIII кылымдагы тарыхый окуя менен тагдырды баяндаган эпос. Ал Орто Азия, Могол хандыгы, казак, ногой элдеринин тарыхында “калмак доору” деп аталып, эл эсинде, оозеки чыгармачылыгында катаал кезең болгон XVI–XVIII кылымдардын аралыгындагы тарыхый окуяга жана Курманбек, Аккан сыяктуу тарыхый инсандардын реалдуу өмүр баянына негизделип жаралган чыгарма.

Шарттуу түрдө окуя Чыгыш Түркстан (Кашкар, Жаркент, Кара Шаар-Камбыл), Афганистан, Орто Азия (Анжыян, Кокон, Аксы, Алай, Жазы (Яссы) аймактарында өткөндүгү айтылат. Чыгармада Курманбек баатырдын жашаган аймагы, коңшу хандыктар менен түзгөн алакасы, калмак төбөлдөрү менен болгон согуштары, достук, сүйүү, ата-бала мамилеси, ишеним жана анын жоголушу, үмүттүн учугу, жашоонун уланышы айтылат. Мында калмактарга каршы күрөш чагылдырылган.

Курманбектин “калмак доорунда” жашаган тарыхый инсан экендиги башка тарыхый булактарда да кездешет. Түрк, иран авторлорунун кабарларында Курманбек казак каны Эшим менен бир доордо жашап, калмак төбөлдөрүнө каршы күрөшүп турат. Конкреттештире келгенде калмак төбөлдөрүнүн кыргыздарга карата баскынчылык жортуулдары, чабылып, чачылуу, кан төгүүлөр менен коштолгон калк тагдыры, элдин аларга каршы жүргүзгөн коргонуучулук, баатырдык күрөшү эпостун түзүлүшүнө негиз болот.

Чыгармадагы элдик баатыр Курманбектин Ата Журт, Ата Мекен эгемендүүлүгү, азаттыгы үчүн аң-сезимдүүлүк менен өлүмгө жалтанбай барган эрдиги азыркы кыргыз коомунда да өзүнүн маани-маңызын жоготпой келет.

Курманбекти тарыхый инсан катары караган изилдөөлөр да кездешет. 2002-жылы Курманбек баатырдын 500 жылдыгы белгиленип, Жалал-Абад шаарынын кире беришине “Курманбек – кылымдар мурасы” аталган эстелик (арка) комплекси курулган.

“Чычкан” капчыгайы

Чычкан капчыгайы кышы-жайы болобу көркүнөн жазбаган жердин мыктысы. Чычкан капчыгайы Тянь-Шань тоолорунда, Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда деңиз деңгээлинен 2200 метр бийиктиктен орун алып, республиканын түндүгү менен түштүгүн бириктирген Бишкек — Ош унаа жолунун 246-251-чакырымында жайгашкан.

Кереметтүү шаркыратма, барбарис менен Тянь-Шань карагайлары, каскаддар менен жылтылдаган тунук тоо агымдары, Саз-Көл жана башка эс алуучу жайлар Чычкан капчыгайына тартып турат.

Көбүнчө ал жакка тоо туризмин жана балык уулоону сүйгөндөр барат. Капчыгайдын аймагында көптөгөн туристтик комплекстер, мейманканалар, эс алуучу жайлар бар.

Бишкектен Ошко чейинки узун жолду басып өтүүдө тыныгууга ыңгайлуу жерлерге барып, эс алып кетсеңиздер болот.

“Токтогул суу сактагычы”

Токтогул суу сактагычы – Нарын дарыясындагы Токтогул ГЭСининплотинасы сууну бууганда пайда болгон . Суу сактагычка 1974-жылы суу толтурула баштаган.

Токтогул ГЭСи Кыргызстандагы эң ири гидроэлектростанция. Ал өлкөдөгү жалпы электр кубатынын 30 пайызын иштеп чыгат. ГЭС 49 жылдан бери иштеп келет.

Бул суу сактагыч  Кыргызстанды электр энергиясы менен эле камсыз кылуу менен чектелбестен, Борбор Азия аймагын суугат суусу менен камсыздоодо дагы мааниси чоң. Суу сактагычтын максималдуу чеги 19,5 млрд куб метр. Мындай көлөмдөгү суу Токтогулга 2017-жылы толгон. Ал эми эң төмөнкү чеги 2008-2009-жылдары, кийин 2014-жылы 6,4 млрд куб метрге чейин жеткен.

“Кара-Камыш” көлү

Аксы районундагы Сары-Челектен кийин эле белгилүү болгон Кара-Камыш көлү. Ал райондун Кара-Суу айыл аймагында деңиз деңгээлинен 1870 м бийиктикте жайгашып, 44,6 гектар жер аянтын ээлейт. Жээгинде Тянь-Шань карагайы жана Кызыл китепке кирген эндемик Семенов ак карагайы өсөт.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында Кара-Камыш көлү жайлоодогу ири жер көчкүдөн кийин Кара-Суу дарыясы бөгөлүп пайда болгон. Айрымдары аны Кара-Суу көлү деп да коёт. Көл туристтерди жайык жээктери, тоо боорундагы эрий элек мөңгүлөрү менен тартып турат. Көлгө бара жатканда кооз айылды аралап өтүп, тоодон түшкөн шаркыратмага кезигесиз.

Кара-Камыш көлүн көпчүлүк жетүүгө кыйын жайлардын катарына кошкон. Себеби көлгө бара жаткан жолдо бардык эле унаалар жүрө албайт. Мындан улам, көл жайгашкан жайлоого жакын айылдагы тургундар атайын унаа кызматтарын уюштурган. Ал жерде бир унааны тоого чыгып-түшүү үчүн 2500-3000 сомго жалдасаңыз болот.