Чаткал дарыясына салынып жаткан чакан ГЭСтердин курулушу башталды

Генерал 28-июнь күнү Чаткал өрөөнүндө алгачкы “Башкы-Терек” ГЭСнин имаратында капсула салуу аземине катышты.
Чаткал дарыясында ГЭСтер каскадын куруу боюнча инвестициялык долбоордо 4 чакан ГЭС каралып, 3 жыл ичинде курулуп бүтөт. Долбоор КРнын Министрлер Кабинетинин 2024-жылы 27-августундагы номер – 523 токтомуна ылайык, эгергиянын кайра жаралуучу булактары ( ЭКБ) чөйрөсүндөгү мамлекеттик-жеке онөктөштүк ( МЖӨ) алкагында ишке ашырылып жатат.
ГЭСтерге “Гран Холдинг” ЖЧКсы инвестор болгон. Чаткал каскад ГЭСтери Каныш-Кыя айыл аймагына курулат. Алар (Башкы-Терек, Коргон-Сай, Чуңкурчак, Айгыр-Джал). Бул долбоор ишке ашса Чаткал өрөөнү туруктуу электр энергия менен камсыз болот жана Ала-Бука жана Таласка да жеткирүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Белгилей кетсек, Чаткал өрөөнүндө биринчи жолу ГЭС салынып жатат. Бул өлкөдөгү жеке өнөктөштөр тарабынан курулуп жаткан эң ири долбоор болуп саналат.