Жалал-Абаддагы туризмди өнүктүрүү боюнча 2026-жылга чейинки стратегиялык планы иштелип жатат

0

Бүгүн Жалал-Абад облусундагы туризм тармагын өнүктүрүү боюнча түзүлгөн жумушчу комиссиянын отуруму өттү. Анда тармактагы иш аракеттер жана көйгөйлөр талкууланды.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев, жергиликтүү бийлик, облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери, туристик жайлардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Мында Жалал-Абад облусундагы жайкы туризмди өнүктүрүү боюнча көрүлгөн даярдык чараларынын аткарылышы, Аксы жана Тогуз-Торо районундагы туристик жайлардын шарттарын жакшыртуу боюнча маалымат берилди.

Эркинбек Маматаев облустагы бардык туристтик жайлардын ырааттуу өнүгүүсү үчүн 2023-2026-жылга чейинки стратегиялык планы иштелип жатканын белгиледи. Анын курамына жергиликтүү бийлик, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү, жеке ишкерлер жана эл аралык өнөктөштөр камтылганын айтты. Бул аракет тармак аркылуу жергиликтүү бюджеттин жана калктын киреше бөлүгүн арттырууга салымы чоң болоорун кошумчалады.

Кеңешмеде жайкы мезгил убагында туристик жайлардын айлана-чөйрөсүн тазалоо, тейлөө сапатын жакшыртуу, өзгөчө корукка алынган жаратылыш зоналарын сактоо жана коопсуздук маселелери талкууланып, тийиштүү тапшырмалар берилди.

Эске сала кетсек, 2023-жылдын алты ай аралыгында Жалал-Абад облусуна жалпы 176 миң 798 турист келген. Анын 170 миңден ашууну ички, 6 миңден ашууну тышкы туристтер. Туристтер үчүн облустун аймагында 49 мейманкана, 7 музей, 76 эс алуучу жайлар бар.

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген