Коррупцияга каршы мамлекеттик программанын аткарылышы күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-январындагы токтому менен бекитилген “2026–2027-жылдарга карата коррупцияга каршы маалыматтык саясаттын мамлекеттик программасы” Жалал-Абад облусунун аймагында ырааттуу ишке ашырылып жатат.
Аталган программанын алкагында иш-чаралар планы облус аймагындагы бардык райондук мамлекеттик администрацияларга жана шаардык мэрияларга жеткирилип, аткаруу көзөмөлгө алынган. Анын алкакта коррупциянын алдын алуу, кызматтык этиканы бекем сактоо, мамлекеттик кызматтын ачык-айкындуулугун жогорулатуу боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иштери активдүү жүргүзүлүүдө.
Мындан сырткары, жарандардын кайрылууларын өз убагында жана сапаттуу кароо, мыйзам бузууларга жол бербөө, ошондой эле коомчулук менен ачык жана ишенимдүү байланыш түзүү багытындагы иш-чаралар көрүлүүдө.
