Жалал-Абад облусу Кыргыз Республикасынын түштүк-батыш тарабында жайгашкан жана Чаткал, Фергана тоо кыркаларынын этектеринде жана Тянь Шань тоосунун түштүк-батыш жагында жайгашып, Фергана өрөөнүнүн бир бөлүгүн ээлейт.
Облустун ээлеген аянты 33,7 миң кв. км, Республиканын жалпы аянтынан 16,9% түзүп, деңиз дэнгеелинен 1100-3100 м бийиктикте турат.
Жалал-Абад облусу түштүк-батыш тарабынан Өзбек Республикасы, түндүгүнөн Талас жана Чүй областары, чыгыштан Нарын областы, түштүгүнөн ш областы менен чектешет. Облустун аймагы 8 административдик-аймактык районго : Аксы, Ала-Бука, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Тогуз-Торо, Токтогул жана Чаткал райондоруна бөлүнөт. Облуста 9 шаар, 4 шаарчалар, 68 айыл аймагы жана 441 калктуу конуштар бар.
Административдик борбору – Жалал-Абад шаары. Облустун жалпы калкынын саны 1311,0 миңге жакын. Учурдагы Жалал-Абад шаары-өнөр жайынын мүмкүнчүлүктөрүнүн өсүүсү менен, сырьелук базасы менен Кыргызстандагы үчүнчү шаар болуп саналат. Жалал-Абад шаары 1877 жылдан бери шаар макамын алган жана 1991-жылдын апрель айынан бери Жалал-Абад облусунун борбору болуп түзүлгөн.
Жалал-Абад облусунун салыштырмалуу географиялык артыкчылыгы бар, ал жакшы жаратылыш-климаттык шартка ээ. Себеби, облустун аймагы субторпиктик пояста туруусу жана суу объектеринен бир канча алыс жайгашуусу, чөлдөр менен коңушулаш туруусу. Бул аймактын континенталдуулугу менен кургакчыл климаты жана жылдын так айрымаланган мезгилдери болуп саналат. Жыйынтыгында, Жалал-Абад облусунун климаты континенталдуу болуп саналат.
Жалал-Абад облусу өнөр жайынын энергетика жана тоо-кен тармактары, туризмди өнүктүрүүгө бир канча артыкчылыктары бар.
Жалал-Абад облусу Республикада өнөр жайлуу аймак болуп, продукция өндүрүүдөгү үлүшү, Республиканын өнөр жай продукциясынын 11% түзөт. Өнөр жай тармагында алдыңкы орунда энергетика тармагы болуп саналат жана анын үлүшү облустун жалпы өнөр жай продукциясынын 25% түзөт.
Облустун аймагында 6 гидроэлектр станциялары бар. Алар: Токтогул ГЭСи, Курпсай ГЭСи, Камбар Ата ГЭС-2, Таш Кумыр ГЭСия, Шамалды Сай ГЭСи жана Үч Коргон ГЭСи. Облустун гидроэлектр станциялары жылына орточо 12-14 млрд. квт.саат электр энергиясын иштеп чыгышат, бул деген Республикадагы иштелип чыгарылган электр энергиясынын 80% ашыгын түзөт.
Азыркы мезгилде, кубатуулугу 1860 МВт болгон Камбар Ата ГЭС-1 курулушу жүрүп жатат жана Камбар Ата ГЭС-2 кубатуулугу 120 МВт болгон 2-гидроагергатын ишке киргизүү боюнча да курулуш иштери жүрүүдө.
Келечекте электр энергиясын Паксистанга, Афганистанга жана Кытайга экспортоо пладаштырылууда.
Нарын дарыясы жана ага куйган дарыялардын салыштырмалуу кубатуулугу, ири Волга жана Анкара дарыялардын кубатуулугунан жогору болуп, 56,9 млрд. квт. саат электр энергиясын өндүрүү мүмкүнчүлүгү бар. Нарын дарыясына 30,0 мдрд. квт. саат электр энергиясын иштеп чыгуучу 22 электр станциясын курса болот. Электр станцияларын курууга жумшалган капиталдык салымдардын кайтарымдуулук мезгили 2 жылдан 8 жылды түзөт.
Ушуну менен катар, облустун аймактарында жалпысынан суммаланган кубатуулугу 102,04 Мвт болгон 23 чакан ГЭС куруу иштери боюнча жумуш алып барылууда. Анын ичинен 10 чакан ГЭСтердин курулуш иштери жүргүзүлүп жатат. Алар: Аксы районунда -2, Базар Коргон районунда 1, Сузак районунда 2, Токтогул районунда 2, Чаткал районунда 1, Жалал-Абад жана Кара-Көл шаарында 1ден чакан ГЭСтердин курулуш иштери жүргүзүлүп жатат.
Жалал-Абад облусу тоо-кен тармагында да жакшы өнүккөн жана анын үлүшү облустун жалпы өнөр жай продукциясынын 54% түзөт. Облустун тоо-кен тармагында 20 ашык ишканалар бар. Алардын ичинен негизги ири ишканалар болуп төмөндөгүлөр саналат:
Ала-Бука районунда “Каз Минералз Бозымчак” ЖЧКоому, “Фулд Голд Майнинг” ЖЧКоому, Чаткал районунда ”Эти Бакыр Терексай” ЖЧКоому, “Кичи-Чаарат” ЖАКоому, “Вертекс Голд Компани” ЖЧКоому, “Глобал Джамгыр Майнинг” ЖЧКоому, Тогуз-Торо районунда “Макмал Голд Компани” ЖЧКлары.
Аймакта нефти жана жаратылыш газын казып алуучу иштери да жолго коюлган. Алсак, Ноокен районунда жайгашкан “Кыргызнефтегаз” ААКоому, “Энергоресурсы Средней Азии” ЖЧКоому, “Нефтегазовая компания ТЕН-И” ЖЧКоому, “Средне азиатский Петролиум” ЖЧКоому, “Кыргыз жер Нефтегаз” ЖЧКоому, “TIAN LUN” ЖАКоому, Жалал-Абад шаарындагы КУА “ЖНПЗ” ЖЧКоому, “Кыргыз Петролеум Компани” жабык акционердик коомдору, “НПЗ Бай Эл-3” ЖЧК, Таш-Көмүр шаарындагы “Север Нефтепродукт” ЖЧКсы.
Жалал-Абад облусунун аймактарында бир канча көмүр кендерин иштеткен компаниялар бар. Мисалга алсак, Таш-Көмүрдөгү “Тегене” ЖЧК, “Маркай Көмүрү” ЖЧКсы, “Азимут+Ж” ЖЧК, “Мир и Ко” ЖЧКсы, “Акмарал” ЖЧК, “Наке” ЖЧКсы жана башкалар.
Облустун Майлуу-Суу шаарында ири лампа өндүрүү заводу жайгашкан. “Майлы-Суу” лампа заводунун курулушу 1964-жылы башталган. Ал эми 1967-жылы алгачкы өндүрүмүн чыгара баштаса, 1974-жылы 1 млрд. электр лампаларын өндүрүүгө жетишкен. Азыркы учурда электр лампочкаларынын сапаты жогору 40ка жакын түрү чыгарылып, 350 кызматкер эмгектенет. Завод 2021-жылы 62 млн. 500 миң даана лампа даярдаган. Аталган заводдун уставдык капиталында банкрот болуп, ишкананын толук үлүшү мамлекеттин менчигине өткөнү белгиленди. 2022-жылдын 28-июнунда “Майлы-Суу лампа заводу” жабык акционердик коому ачык акционердик коом болуп өзгөртүлгөн. Учурда Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонду анын жалгыз акционери (уюштуруучу) болуп эсептелет. Азыркы мезгилде Майлуу-Суу электр лампа заводунда 1250дөй адам иштейт. Заводдогу айнек чыгаруучу мешти реконструкциялоо жана иш процесстерин модернизациялоо боюнча иш аракеттер көрүлүүдө.
Туризам: Жалал-Абад облусунун экологиялык абалы жаратылыш берген абалында сакталууда. Бул деген облустун аймагында орун алган уникалдуу жаратылыш-рекреациондук ресурстардан жана тарыхый-архитектуралык эстеликтерге бай, жаратылыш потенциалы туризм өндүрүшүн өнүктүрүүгө приоритеттүү багыт болуп саналат.
Облуста Арстанбап, Кызыл-Үңкүр, Кара-Алма өңдөнгөн уникалдуу жана ажайып кооз жерлерде дүйнөдөгү жападан жалгыз байыркы жаңгак жемиштүү токойлору жайгашкан.
Кыргызстандын түштүгүнүн бермети деп аталган Сары-Челек тузсуз тоо көлү бар. Республикабыздын байыркы мамлекеттүүлүгүн тастыктаган фактылардын бири болуп Саймалуу-Ташка аска бетиндеги сүрөт галереясы эсептелет. Сафед-Булан, Падыш-Ата тарыхый жерлери, Ыдырыс Пайгамбар жана Арстанбап Ата күмбөздөрү бир нече миңдеген жылдар бою бүткүл борбордук азиянын зыяратчыларын өзүнө тартып келүүдө.
Экологиялык туризмдин негизги райондору болуп уникалдуу флорага жана фаунага ээ фувердик зоналар Сары-Челек жана Беш-Арал мамлекеттик био чөйрөлүк коруктары, ондогон корукчалар жана токой чарбалары эсептелет. Ширелүү коон, дарбыз, шабдалы, жаңгак жана башка табият белектерин жаратылыш тартуулаган. Атактуу чыгыш базарлары туристтердин көңүлүн өзүнө бурдурбай койбойт.