Жалал-Абадда куткаруучулардын кесиптик майрамы белгиленди

0

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев облус аймагындагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тармактын кызматкерлери, ардагер куткаруучулар жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери катышты.

Салтанатта сөз сүйлөгөн ыйгарым укуктуу өкүл Тилек Текебаев, куткаруучулук кесиптин жоопкерчилигин жана ыкчамдыгын баса белгилеп, алардын күнү-түнү эл коопсуздугу камсыздоо жаатында кошкон салымы чоң экенин айтты.

Өкүл акыркы жылдары Жалал-Абад облусунда кырсыктардын кесепеттерин жоюу менен эмес, анын алдын алуу жумуштарына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтып, бул аракеттер жакшы натыйжа берип жатканын кошумчалады.

Тилек Текебаев майрамдык иш-чаранын алкагында кызматтык милдеттерин жоопкерчилик менен аткарган бир катар кызматкерлерге Ардак грамоталарды тапшырды.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунда 2024-жылдын 6 ай аралыгында 7 өзгөчө кырдаал катталып, андан келтирилген материалдык чыгым 32 млн сомду түзгөн. 2025-жылдын ушул мезгилине чейин бир техногендик кырсык катталган.

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген