Тилек Текебаев ЖАМУнун профессордук-окутуучулук курамы менен жолугушту

0

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев “Бекмамат Осмонов” атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы менен жыйын өткөрдү.

Жолугушуунун башкы максаты, аймактарды өнүктүрүүдө илимий негизделген ыкмаларды колдонуу, жогорку окуу жайлары тарабынан иштелип чыккан долбоорлорду практикага киргизүү, аларды район жана шаар башчыларына сунуштоо аркылуу аймактардагы көйгөйлөрдү комплекстүү чечүү болуп саналат.

Жыйында облус башчысы жогорку билим берүү мекемелеринин илимий потенциалы аймактын өнүгүшүндө маанилүү ролду ойношу керек экенин баса белгилеп, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү боюнча даярдалган эмгектери менен таанышты.

Алар, “Жалал-Абад облусундагы тарыхый-маданий жайларды компьютердик моделдөө”, “Климаттын өзгөрүүсүнүн жаңгак-мөмө токойлорундагы сейрек кездешүүчү, жоголуп бара жаткан түрлөргө жана Сары-Челек коругунун экосистемасына тийгизген таасирин изилдөө”, “Түштүк Кыргызстандын шартында колорадо коңузу (leptinotarsa desemlineata sau) менен күрөшүнүн интегралдык методдору”.

Жыйындын жүрүшүндө аймактык өнүгүү, жергиликтүү ресурстарды рационалдуу пайдалануу, жаштар саясаты, билим берүү, айыл чарба жана туризм тармактарына байланыштуу жасалуучу жумуштар арбын экени айтылды.

Ошондой эле, мындан ары Жалал-Абад облусундагы жогорку окуу жайлары менен өз ара кызматташтыкты тереңдетүү, практикалык ишке жарамдуу илимий долбоорлорду колдоо жана өнүктүрүү боюнча системалуу иштер жүргүзүлөрү кошумчаланды.

Өкүл жыйындын соңунда ЖАМУнун атайын каражаттарынын эсебинен беш кабаттуу Илимий-изилдөө институту, спорт зал жана ашканасынын курулушу менен таанышты.

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген