Абсаттар Сыргабаев Жалал-Абад шаарындагы №1 мектептин кошумча имаратынын курулушунан кабар алды

0

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев шаарда жайгашкан №1 Михаил Бабкин атындагы №1 мектеп-гимназиясына 375 орундуу жаңы имаратынын курулуш иштери менен таанышты.

Азыркы учурда мектеп имаратында 50 пайызга жакын жумуш аткарылган. Облус башчысы курулушту сапаттуу аткарууну эскертип, иш ыргагын тездетүүнү тапшырды. Ошол эле учурда керектелүүчү каражатты үзгүлтүксүз камсыздоодо жаралган көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшөөрүн айтты.

Мектеп-гимназиянын кошумча имаратынын курулушу 2022-жылы башталып, республикалык бюджеттен каржыланууда. Анан тендердик баасы 58 млн 700 миң сомго бааланган.

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген