Абсаттар Сыргабаев Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

0

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Өзбекстан Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Хуршид Мирзахидов менен жолугушту.

Тараптар эки өлкөнүн достук мамилелерин бекемдөө, соода-экономикалык, социалдык, туризм тармагындагы Жалал-Абад облусунун орду, кызматташуунун алдыдагы натыйжалуу багыттары тууралуу пикир алмашты.

Ыйгарым укуктуу өкүл акыркы жылдары Жалал-Абад облусу менен Өзбекстан Республикасынын чектеш аймактарынын ортосунда ар тараптуу кызматташуу аракеттери жанданганын белгиледи. Ошол эле учурда түзүлгөн Жол картасына ылайык, коңшу өлкөнүн Наманган облусу менен ири долбоорлор башталганын кошумчалады.

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген