Тилек Текебаев жол коопсуздугун алдын алуу жумуштарын күчөтүүнү тапшырды

0

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана жол кырсыктарын алдын алуу максатында, тийиштүү мекеме-ишканаларга бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Жалал-Абад облусу боюнча 2025-жылдын 5 ай аралыгында 215 жол кырсыгы катталган. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу үч учурга аз. Жыл башынан бери жол кырсыктарынан аймакта 43 адам каза тапкан.

Облус башчысы жолдо жаралган ар бир кырдаалга убагында реакция кылуу, жарандардын өмүрүн сактоонун маанилүүлүгүн айтып, мында айдоочулар тарабынан эртежелердин так сакталбаганы көйгөй жаратып жатканын белгиледи.

Жол белгилеринин жетишсиздиги, алардын өз убагында орнотулушу жана жаңыланышы боюнча ишти күчөтүүнү тапшырды. Өзгөчө жол кырсыктарынын көпчүлүк бөлүгү катталган Ош—Бишкек автожолунда коопсуздукту камсыздоо артыкчылыктуу багыт экенине токтолду.

Өкүл алыс аралыкта жүргөн айдоочулар үчүн атайын токтоп, эс алууга ыңгайлуу жайларды уюштуруу зарылдыгын баса белгиледи. Бул чаралар айдоочулардын чарчоосун алдын алуу жана жол кырсыктарын азайтуу боюнча маанилүү кадамдардын бири экенин кошумчалады. Ошондой эле, жол кырсыктары катталган учурда тез жардам кызматынын ыкчам жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууну тапшырды.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунун аймагындагы унаа жолдордун жалпы узундугу 6870 чакырымды түзөт. Анын ичинен 626 чакырым Эл аралык, мамлекеттик маанидеги 1056, жергиликтүү маанидеги 1217 чакырым аралыктагы жолдор бар.

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген