Тоо койнундагы “Сары-Челек” көлү
Жалал-Абад облусундагы “Сары-Челек” мамлекеттик биосфералык коругу Кыргызстандагы өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймактарынын бири болуп эсептелет. Ал 1959-жылы Кыргыз ССРинин Министрлер Кеңешинин токтому менен жергиликтүү өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүн сактоо жана изилдөө үчүн түзүлгөн.
Бул корук Кыргызстанда алгачкылардан болуп түзүлгөн. Анын аймагы дээрлик 24 миң гектарды түзөт. Андагы эң бийик чоку Музтөр болуп, бийиктиги 4 миң 247 метрге жетет.
“Сары-Челек” коругу 1979-жылы ЮНЕСКОнун “Адам жана биосфера” программасынын биосфералык резерваттардын Дүйнөлүк тармагына киргизилген. Ал эми, 2016-жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар объекттеринин тизмесине Батыш Тянь-Шандын бир бөлүгү катары кирген.
Коруктун аймагында Кызыл китепке кирген жаныбарлар байырлап, өсүмдүктөр өсөт. Мисалы, ак илбирс, сүлөөсүн, суусар, күрөң аюу, каман, элик, тоо текеси, маралдар ж.б. бар. Ошондой жаңгак, арча, карагай жана башка өсүмдүктөр өсөт.
Баарына белгилүү Сары-Челек көлү “Сары-Челек” коругунда жайгашкан. Аны менен катар коруктун аймагында дагы 6 көл бар: Кыла, Арам көл, Чөйчөк көл, Ири көл жана эки чакан көл – Бакалы менен Туюк көлдөрү. Сары-Челек көлүнө жетүү үчүн коруктун оозунан көлгө чейин узун жолду басып өтүү керек. Болжол менен анын узундугу 15-20 чакырымды түзөт. Жол бою, тоо этектеринде чытырман болуп турган бак-дарактар тоо бооруна, кырларга чейин өсүп, тоону көк майса чөп, гүлдөр каптап турат.
Окумуштуулардын пикири боюнча, Сары-Челек көлү 10 миң жыл мурда жер титирөөдөн кийин пайда болгон. Анын узундугу 7,5 чакырымга, эң жазы жери 2,3 чакырымга жетип, аянты 492 гектарды түзөт. Ал эми анын орточо тереңдиги 98 метр болсо, эң терең жери – 244 метр. Мындан улам ал Ысык-Көлдөн кийин эле тереңдиги боюнча Кыргызстандагы көлдөрдүн арасында экинчи орунда турат. Сары-Челек көлү деңиз деңгээлинен 1878 метр бийиктикте жайгашкан.
Кыш мезгилинде Сары-Челек январь айларында тоңуп, кайра апрель айларында эрийт. Көл тоңгондо муздун калыңдыгы 25-30 сантиметрге чейин жетет.