Арстанбап токою –Кыргызстандын эң кооз жана дүйнө жүзүндөгү эң ири жаңгак токою. Токой Чаткал жана Фергана тоо кыркаларында деңиз деңгээлинен 1700 чакырым бийиктикте жайгашкан. Арстанбаптын аянты 700 миң гектарды түзүп, окумуштуулардын айтуусу боюнча жашы 50 миллион жылды түзүшү мүмкүн.

Арстанбап тууралуу элде көп легендалар айтылып келет. Алардын ичинен эң белгилүүсү – илгери Александр Македонский өзүнүн Чыгышка болгон сапарларынын биринде аскерлерин ушул жерге алып келген. Кетип жатып, бул кереметтүү токойдон жаңгак жана башка мөмө жемиштерин Грецияга ала кеткен. Ошол себептен кыргыз жаңгагы “грек жаңгагы” аталып калган, деп айтылат.

Өрөөндө жаңгак, мисте, бадам жана башка мөмө-жемиштер өсөт. Бул жерден жылына 1500 тоннага жакын жаңгак жана 5000 тоннага жакын башка мөмө-жемиштердин үрөөнү чогултулат. Адамдар табияттын ушул берген белегине ыраазы болуп, токойду сактап калуу максатында баардык күч-аракетин жумшап келет. Арсланбаб мамлекет тарабынан коргоого алынган аймак.

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген