Раимжанов Жаныш Авазбекович-Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси.
Раимжанов Жаныш Авазбекович, 1996-жылы Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында туулган. Билими жогорку, 2018-жылы Ош мамлекеттик университетин жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик академиясын аяктаган. Кесиби боюнча экономист.
Эмгек жолу:
-2016-2019-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Ош аймактар аралык башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
-2019-2024-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын уюштуруу иштери жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүндө башкы адис;
-2024-жылдын январь айынан тартып бүгүнкү күнгө чейин Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары болуп эмгектенип келген.