Жалал-Абадда дирижёру Асанкан Жумакматовдун 100 жылдык мааракеси белгиленди
Бүгүн Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында Тотосун Тыныбеков атындагы облустук филармониянын чыгармачылык жамааты тарабынан Кыргыз Республикасынын Баатыры, СССРдин Эл артисти, атактуу дирижёр Асанкан Жумакматовдун 100 жылдык мааракесине арналган концерттик программа тартууланды.
Иш-чарага КРнын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гулзат Аширова, облустук мекеме-ишканалардын жамааты жана шаар тургундары катышты.
Саамалыкта Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, III даражадагы Манас орденинин ээси, өзүнүн чыгармачылык жолунда бир топ белгилүү инсандарды тарбиялап өстүргөн Асанкан Жумакматовдун өмүрү, кыргыз маданиятына кошкон салымы тууралуу айтылып, оркестрдин коштоосу менен жандуу ырлар жаңырды.
Асанкан Жумакматов 1923-жылы 16-июлда Чүй облусунун Ысык-Ата айылында төрөлгөн. Жетимиш жыл өмүрүн музыкага арнаган профессор 2008-жылдын 21-июлунда 85 жаш курагында дүйнө салган.