Чаткалда жергиликтүү бийлик 43 студентти медициналык жогорку окуу жайда билим алуусун каржылап жатат

0

Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун 2023-жылдын алты айлык жыйынтыгын чыгарган коллегияда маалымдалды.

Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы райондун аймагындагы кен казып иштеткен компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, алыскы шарты катаал аймактагы дарыгерлердин жетишсиздик көйгөйүн жоюу максатында үч тараптуу келишим түзүлүп, студенттердин билим алуусун каржылоодо.

Аталган студенттердин келишимдик акылары жылына орточо эсеп менен 1,5 млн сомго жакын каражатты түзөт. Демилге 2014-жылы башталып, азыркы учурда 23 студент ординатурада окуусун улантып жатса, 6 студент окуусун аяктап райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунда эмгектене баштаган.

Облус башчысы Абсаттар Сыргабаев башка аймактарда да дарыгерлердин жетишсиздик маселесин чечүү үчүн жергиликтүү бийлик жетекчилерин натыйжалуу иш алып барууга чакырды.

Ушул жылдын 1-июлуна карата облус боюнча 217 дарыгер жетишсиз экени аныкталган.

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген