“Куттуу эл”: Жалал-Абадда улуттук нарктуулук даңазаланды

0

Бүгүн, 16-февраль күнү, Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык ѳнүгүүсү жана дене тарбиясы”, “Улуттук нарк жөнүндө” кабыл алынган Жарлыктарын ишке ашыруу максатында “Жылдызы жанган Жалал-Абад” аталышындагы иш-чара уюштурулду.

Ага Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касманбетов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев баштаган район, шаар, мекеме-ишканалардын жетекчилери, жаштар, Ош облусунун башчысы, Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басарлары катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз элинин каада-салт, үрп-адат, нарк-насилин сактоо, ынтымакты бекемдөө, жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоо жаатындагы ой-пикирлер айтылды.
Ыйгарым укуктуу өкүл Абсаттар Сыргабаев саамалыкты өткөрүүнүн дагы бир максаты, бүгүнкү ааламдашкан дүйнөдө Кыргыз элинин уникалдуулугун, ата-бабалардын кылымдардан бери сакталып келе жаткан бай тарыхый мурасын, маданий жана руханий баалуулуктарын аздектөө жана жайылтуу болуп саналаарын белгиледи.

-“Элибиздин нарк-насили, каада-салты, үрп-адаттарынын мааниси, андагы камтылган терең философия – ата-бабаларыбыздын даанышмандыгын, жөн гана билүү эмес, жашоону терең түшүнгөндүгүн айгинелейт.

Соңку жылдары мамлекетибизде элибиздин күнүмдүк турмуш тиричилигин жакшыртууга багытталган социалдык-экономикалык долбоорлордон сырткары, ысырапкорчулукту жоюу, улуттук баалуулук, адептүүлүк, этностор аралык ынтымакты бекемдөө, жарандардын өзүн таануусун калыптандырууга өзгөчө маани берилүүдө,–деди Абсаттар Сыргабаев.

Иш-чарада “Кут дарыган Жалал-Абад”, “Жалал-Абаддын залкар инсандары”, “Баатырлар жердеген Жалал-Абад” аталышындагы баяндамалар жасалды. Мындан сырткары “Барпы апыз” театралдаштырылган чыгармасынан үзүндү коюлуп, Манас айтылды. Облустук Токтосун Тыныбеков атындагы филармониянын чыгармачыл жамааты тарабынан концерттик программа тартууланды.
Белгилей кетсек, саамалык Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан уюштурулду.

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген