Жалал-Абадда 2121 даана китеп санариптештирилип, электрондук вариантка өткөрүлдү

0

Жалал-Абад облусунда 2024-жылдын 1-январына карата ар кандай жанрдагы 2121 даана китеп санариптештирилип, электрондук вариантка өткөрүлдү.

Өткөн жылы райондогу китепканаларга керектелүүчү компьютер жабдуулары алынып берилген. Облус боюнча жалпы китеп фондусу 2 млн 187 миң 881 даананы түзөт. Маданий мекемелер толугу менен Инфодокс электрондук кат алмашуу системасына киргизилген. Кат жазуулар жана кат-кабар алышуулар толугу менен электрондук системасынын негизинде жүргүзүлүүдө.

Электрондук китеп окууну каалагандар төмөндөгү neb.kg шилтеме аркылуу кирсеңиздер болот.

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген