Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо даярдыктары талкууланды

0

Бүгүн Жалал-Абад облусунда 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо даярдыктары боюнча облусттук штабдын отуруму өттү.

Жыйынды Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев жетектеди.

Ага облустук штабдын мүчөлөрү, райондук мамлекеттик администрация башчылары жана шаарлардын мэрлери, тиешелүү райондук жана шаардык мекеме-уюмдардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары катышты.

Отурумда өлкөдө жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформадан кийин өтүүчү шайлоо эрежелерине киргизилген өзгөрүүлөр, жарандардын шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүн жеңилдетүү, шайлоочулардын тизмесин тактоо, участкалардагы материалдык-техникалык базаны чыңдоо, үзгүлтүксүз жылуулук, электр энергиясы жана интернет байланыштары менен камсыздоо маселелери талкууланды.

Ыйгарым укуктуу өкүл Тилек Текебаев район, шаарлардын башчылары жана тийиштүү жетекчилерге, ар бир шайлоо участкаларында бардык даярдык жана коопсуздук чаралары өз убагында көрүлүүсү зарылдыгын эскертти.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунда жалпы 452 шайлоо участкасы болуп, аларга 771 миң 457 жаран катталган. Ушул жылдын 17-ноябрь күнү, облус боюнча жалпы 10 шаар жана 37 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгү өтөт. Мындагы жалпы мандаттардын саны 1197ни түзөт.

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген