Жалал-Абадда Баткен коогалаңында курман болгон жоокерлер эскерилди

0

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын “Жеңиш” эс алуу багында 1999-2000-жылдары Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн коргоо милдетин аткаруу учурунда курман болгон жоокерлер эскерилди.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков, шаар мэринин орун басары Гулбарчын Таштанбекова, Баткен коогалаңынын ардагерлери, каза болгон жоокерлердин жакындары жана мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышты.

Облус башчысынын орун басары, Баткен жергесинде мекендин тынчтыгын сактоо үчүн баатырларча курман болгон эр-азаматтардын эмгеги, алардын каармандыгы эч качан унутулбасын белгиледи. Аны менен катар, каза болгон жоокерлердин жакындарына көңүл айтты.

Белгилей кетсек, 1999-2000-жылдары Баткен коогалаңына Жалал-Абад облусунан 2 миңден ашуун жоокер катышкан. Террорчулар менен болгон кагылышууда облустан барган 17 жоокер баатырларча курман болуп, 20га жакыны жараат алган. Учурда облуста 800дөн ашуун Баткен согушунун ардагери жашайт.

 

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген