Тилек Текебаев Арстанбаптагы токой аянттарын сактоо жумуштары менен таанышты
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айыл аймагындагы токой аянттарын сактоо жумуштары менен жеринен таанышты.
Облус башчысы айыл аймактагы Кызыл-Үңкүр, Арстанбап, Ачы жана Каба токой чарбасы, Дашман жаратылыш коруктарынын аянтын сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Ага катар жергиликтүү бийлик жана токой чарба кызматкерлери менен токой экосистемасын өнүктүрүү үчүн, калктуу конуш жана мал-жандыктардан сактоо максатындагы тосмолоо планын көрүп чыкты.
Белгилей кетсек, Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айыл аймагындагы токойлордун жалпы аянты 105 миң 365 гектарды түзөт. Анда басымдуу жаңгак жана башка дарактын түрлөрү өсөт.
Буга чейин ыйгарым укуктуу өкүл тарабынан Арстанбап-Ата айылындагы туристтик шарттарды жакшыртуу боюнча жергиликтүү бийликке тапшырмалар коюлган. Ага ылайык, айылдагы “Көк-Арт” участкасына этно-туристтик эс алуу комплексин, “Кичи шаркыратма-Жаңы базар” участкасына асма жол куруу долбоорун демилгелеген. Тилек Текебаев берилген тапшырманын негизинде даярдалган долбоорду көрүп, кошумча сунуш-пикирлерин билдирди.