Базар-Коргон районунда №10 Жазаларды аткаруу кызматынын жаңы имараты ачылды

0

Жалал-Абад шаарынан көчүрүлгөн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл аймагына курулган №10 мекемесинин ачылышы болду.

Бүгүн мекеменин ачылышына Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов катышты.

Жаза аткаруу жайынын көчүрүү аракети Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдагы атайын токтому менен ишке ашырылды. Ага жалпы 13 гектар жер аянты ажыратылып, курулуш иштери республикалык бюджеттен каржыланган.

Облус башчысы Тилек Текебаев, буга чейин Жалал-Абад шаарынын так ортосунда жайгашкан абакты, калктуу конуштан тышкары жерге көчүрүү аракети — коомдук коопсуздукту камсыздоо, ошондой эле аймактык өнүгүү үчүн маанилүү чечимдердин бири болгонун белгиледи.

Ыйгарым укуктуу өкүл Жазаларды аткаруу системасы – соттолгондорду кайрадан тарбияланып, коомго пайдалуу инсан болуп кайтып келүүсүнө шарт түзүүчү негизги институт экенин айтты. Ага катар жаңы мекеме эл аралык адам укуктарынын талаптарына жооп берген, жазасын өтөп жаткан жарандар үчүн гумандуу шарттар камсыздалганын кошумчалады.

Жаңы объектте соттолгондор иш менен камсыз болуп, күнүнө 40 миң даана кыш чыгаруучу завод, тигүү цехи, темир устачылык, нан бышыруучу жай жана башка бир катар багыттар боюнча цехтер ачылган.

Мекеменин курулуш иштери 2022-жылдын август айында башталган.

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген