Жалал-Абадда Кыргызстан Аялдар кыймылынын 100 жылдыгына карата форум өттү

Бүгүн Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрында Кыргызстан Аялдар кыймылынын 100 жылдыгына карата “Аялдар-тарых жаратуучулар” аталышындагы облустук форум өттү.
Иш-чарага аталган кыймылдын төрайымы Айнуру Алтыбаева, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гулзат Аширова, облустук аялдар кеңешинин төрайымы Бактыкан Ажымаматова, жергиликтүү бийлик жана облустун район, шаарларындагы ар түрдүү тармактарда эмгектенген аялдар катышты.
Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гулзат Аширова жалпы аялдарды майрамдык иш-чаранын өтүшү менен куттуктады.
“Быйыл Кыргызстан Аялдар кыймылы бир кылымдык тарыхты басып өттү. Ушул мезгил ичинде аялдар билим алууга, эмгекке, коомдук жана саясий турмушка активдүү аралашууга жетишип, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө зор салым кошушту. Аялдардын укугун, мүмкүнчүлүктөрүн коргогон, эркин коомду калыптандырууга аракет кылган ар бир аялдын эмгеги өзгөчө баага ээ”–деди Г. Аширова.
Майрамдык салтанатта мамлекеттүүлүктү калыптандырууга салым кошкон чыгаан аялдардын ысымы даңкталып, концерттик программа менен коштолду. Мындан сырткары улуттук кийимдер жана кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү коюлду.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунда жалпы 1 млн 335 миңден ашуун калк жашап, анын 49,6 пайызын аялдар түзөт. Облуста 10400дөн ашуун “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалы менен сыйланган көп балалуу аялдар бар.