Тилек Текебаев Ала-Бука районундагы базарларда түзүлгөн шарттардан кабар алды
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Ала-Бука районуна барып, Соломо участогунда жайгашкан “Мурас” базарындагы кардарларга жана сатуучуларга түзүлгөн шарттар менен таанышып чыкты.
Мындан сырткары ыйгарым укуктуу өкүл облустун Аксы, Ала-Бука жана Чаткал районунун тургундарын тейлеп келген мал базардагы түзүлүгөн шарттарды көрдү.
Тилек Текебаев калктын басымдуу бөлүгү мал чарбачылыгы менен алектенээрин айтып, базарларда тиешелүү шарттар түзүлүүсү керектигин белгиледи. Анда архитектуралык көрүнүш, коопсуздук, санитардык эрежелерди так сактоого чакырып, жергиликтүү бийликке бир катар тапшырмаларды берди.
Облус башчысы жеке ишкер тарабынан райондогу Орто-Токой суу сактагычынын жээгине курулуп жаткан “Айыл кечтери” этно-комплексиндеги жумуштар менен таанышты.