Кербен шаарынын кире беришине арка курдурду

0

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарынын кире бериш бөлүгүнө арка курулду.

Бүгүн анын ачылыш аземине Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу,

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, жергиликтүү бийлик жана шаар тургундары катышты.

Арка Жогорку Кеңештин Төрагасынын демилгеси менен Кербен шаарынын 30 жылдыгына карата курулуп, Кербендеги төөнүн элеси чагылдырылган.

Өткөн жылы республикалык бюджеттен Кербен шаарын өнүктүрүүгө 200 млн. сом акча каражаты бөлүнгөн. Быйылкы жылга жалпы 300 млн. сом каралган. Аталган каражаттар шаардын инфраструктурасын жакшыртууга жумшалып, кербендиктердин негизги көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган.

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген