Жалал-Абадда Элдик Курултайда көтөрүлгөн көйгөйлөрдүн аткарылышы талкууланды

0

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов жана аппарат кызматкерлери Элдик курултайдын катчылыгынын жетекчиси Мыктыбек Абдылдаев менен жолугушту.

Жыйында Жалал-Абад облусунда Экинчи Элдик Курултайда кабыл алынган иш-чаралардын пландарынын аткарылышы боюнча мониторинг жүргүзүлүп жатканы белгиленди. Мында облус аймагындагы делегаттар тарабынан көтөрүлгөн көйгөйлөрдүн жөнгө салынуусу боюнча жүргүзүлүп келе жаткан жумуштар боюнча маалымат берилди.

Маалым болгондой, 2023-жылдын 16-декабрында өткөн II Элдик Курултайда кабыл алынган Резолюциянын негизинде 84, 439,1305 жана 1198 пункттан турган иш-чаралар планы кабыл алынган.

Төрага Мыктыбек Абдылдаев жыйындын жүрүшүндө аткарууга алынбаган иштердин себебине кызыкты жана аны чечүү жолдору боюнча өзүнүн сунуш-пикирлерин айтты. Келген коноктор тарабынан облуста белгиленген иш-пландар боюнча алгылыктуу жумуштар жасалып жатканы кошумчаланды.

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген