Жалал-Абад облусунда эт азыктарынын бааларына көзөмөл жүргүзүлүүдө

0

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругуна ылайык, облус аймагында эт азыктарынын жетиштүүлүгүн камсыз кылуу, баалардын туруктуулугун сактоо жана негизсиз көтөрүүгө жол бербөө максатында көзөмөл иш-чаралары улантылууда.

Социалдык маанидеги негизги азык-түлүк катары эттин бааларына өзгөчө көңүл бурулуп, бул багытта ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп, майрам алкагында рейддик текшерүүлөр өткөрүлдү.

Рейддик иш-чаралар Манас шаарындагы борбордук базарда жана бир катар соода жайларында жүргүзүлүп, эт саткан ишкерлерге бааларды негизсиз жогорулатпоого, ошондой эле санитардык жана ветеринардык талаптарды так сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошол эле учурда эттин килограммын 680–700 сомдун чегинде сатуу зарылдыгы эскертилди.

Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө мыйзам талаптарын бузган 1 факт аныкталып, тиешелүү чаралар көрүлүп, айып пул салынды.

Рейдге Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызматкерлери, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын облустук бөлүмү, ички иштер органдарынын кызматкерлери жана Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын адистери катышты.

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген