Тилек Текебаев Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу жана эл аралык аэропорттун курулушунан кабар алды

0

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Сузак району жана Манас шаарындагы Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулуш иштеринин жүрүшүнөн кабар алды.Иш сапарында облус башчысы аталган аймактардагы тоннель казуу иштерин көрүп, курулуштун абалы менен таанышты. Ал жумуштарды белгиленген мөөнөттө жана жогорку сапатта бүткөрүү зарылдыгын белгилеп, бир катар тапшырмаларды койду.
Мындан тышкары, өкүл темир жол линиясына туура келген турак жайларга компенсация төлөө иштерин ыкчамдатуу үчүн тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырды. Ошондой эле Тилек Текебаев “Жалал-Абад” эл аралык аэропортунун курулуш иштерин жеринен көрүп чыкты.

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген