“Жалал-Абад облусунун Ардактуу атуулу” наамдары тапшырылды
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Нооруз майрамынын алкагында, облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн бир катар жарандарга “Жалал-Абад облусунун Ардактуу атуулу” наамдарын тапшырды.
Облус башчысы коомдогу тартипти сактоо, жаш муунду туура жолго үндөө, адеп-ахлактык баалуулуктарды жайылтуу сыяктуу жоопкерчиликтүү жумуштарда көрсөткөн аракеттери чоң үлгү экенин айтып, куттуктады.
Ардактуу атуул наамын алган жарандар:
Исмаилов Мухтаржан Арапович — Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын техникалык жана тейлөө персоналынын кадрлар бөлүмүнүн улук инспектору, отставкадагы милициянын улук лейтенанты;
-Раимкулов Зарылбек Кадыржанович — Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысынын коомдук коопсуздук боюнча орун басары, милициянын полковниги;
-Сулайманова Урница Бакировна — Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын медициналык кызматынын медайымы;
-Жээнбеков Нематилла Пусурманкулович — Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы.









