Аксынын Мукур айылындагы инновациялык мектептин имараты 66 млн сомго курулуп жатат

0

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Авлетим айыл
аймагынын Мукур айылындагы мектептин жаңы имараты сентябрь айында
пайдаланууга берилет.

Мукур айылындагы №25 Калмат Алымкулов атындагы инновациялык жалпы орто
мектебинин имаратынын курулушу 5 жыл мурун башталган. Учурда крулуштун
90%ы аягына чыкты. 250 орундуу имаратта заманбап спорт залдан баштап
отканага чейин каралган.

Имараттын курулушу 2018-жылы башталып, бирок 2 жылдан соң токтоп калган.
Былтыркы жылы, тактап айтканда 2022-жылы жумуш кайра жанданган. Эки
кабаттуу имарат 10 класстык бөлмөдөн турат, кошумча лабораториялык бөлмөлөр
да эске алынган.

Тендерден «Кочкоратаайылкурулуш» ачык акционердик коом утуп алган. 2018-
жылы баштапкы баа 49 миллион сом менен башталган. Бүгүнкү инфляция эске
алынып, жалпы 66 миллион сомго бүтүп жатат. Капиталдык салымдар эсебинен
бүтүп жаткан имаратка каражат толугу менен бөлүнүп берилген. Жаңы окуу
жылына окуу корпусун пайдаланууга берүүгө аракет көрүлүп, 40тай жумушчу 2
нөөмөт менен иштеп жатат.

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча,
«Кочкоратаайылкурулуш» ачык акционердик коомунун жетекчиси — Талиев
Тариел Анарбаевич, түзүүчүсү — «Кочкоратаайылкурулуш»
акционерлеринин эмгек коллективи (27 адам). ААК 2022-жылы 28-июнда
кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: турак жайларды жана
имараттарды куруу.

Мектептин курулушу менен район акими Замирбек Сыдыков таанышты.
Аксы району боюнча 6 мектепте жана 1 бала бакчада курулуш иши жүрүп
жатат. Сентябрь айында 3 мектеп пайдаланууга берилет, жыл аягына чейин
дагы бир мектепти бүткөрүү планы бар.

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген