Жалал-Абадда ыйгарым укуктуу өкүлдүн “Алыш” белбоо күрөшү боюнча мелдеши өттү
Бүгүн өлкө эгемендүүлүгүнүн 32 жылдык майрамын утурлай Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн “Алыш” белбоо күрөшү боюнча кубогу уюштурулду. Оюндарга Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Орусиядан келген 200гө жакын балбандар катышып, 60, 70, 80 жана андан жогорку килограмм салмакта күч сынашты.
Мелдеш Базар-Коргон районунун Арстанбап айылында өтүп, ага облус башчысы Абсаттар Сыргабаев, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков, Эл аралык “Алыш” федерациясынын вице-президенти Адилет Баяман уулу, жергиликтүү бийлик башчылары жана миңдеген көрүүчүлөр катышты.
Ыйгарым укуктуу өкүл Жалал-Абад облусунда жыл сайын эгемендүүлүк майрамына карата, “Алыш” белбоо күрөшү боюнча мелдеш уюштруу салтка айланып баратканын белгиледи. Бул жолу да спорттук иш-чара улуттук оюнду даңазалоо, облустун жаш спортчуларын колдоо, мекенчилдикке тарбиялоо жана балбандарга дем берүү максатында уюштурулганын белгиледи.
“Алыш” белбоо күрөшү боюнча облус башчысынын кубогунун байге фонду жалпы 500 миң сом болуп, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык, диплом жана медалдар тапшырылды.
Мелдеште 70 кг салмактар арасынан биринчи орунду Марлен Абдурасулов, 80 кг салмактар арасынан Элдияр Сексенбаев, 90 кг салмактан Мирхалил уулу Ибрагим, +90 кг салмактар арасынан Ыймангазы Койлуевдер жеңишке жетишти. Аларга акчалай сыйлык, диплом жана медалдар тапшырылды.