Кочкор-Ата шаарында нефтичилердин кесиптик майрамы белгиленди

0

Бүгүн Кочкор-Ата шаарындагы “Кыргызнефтегаз” ААКда алгачкы бургулоо жумуштарынын башталганына 91 жыл толуп, кызматкерлердин кесиптик майрамы белгиленди.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, “Кыргызнефтегаз” ААКнун төрагасы Нургазы Нышанов, Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик жана шаар тургундары катышты.

Облус башчысы Абсаттар Сыргабаев нефтичилерди кесиптик майрамы менен куттуктап, ишкана 2023-жылдын 8 айында 99,1 миң тонна нефти өндүрүп, өсүү темпи өткөн жылга салыштыруу 106,6 пайызды камсыздаганын белгиледи. Жылдан жылга ишкананын мүмкүнчүлүктөрү кеңейип, киреше бөлүгү артып келе жатканына токтолду.

Өкүл бул көрсөткүч миңдеген жумушчу эмгектенген мекеменин сезилээрлик натыйжасы экенин, “Кыргызнефтегаз” ишканасы жалпы өлкөнүн, Ноокен районунун жана Кочкор-Ата шаарынын социалдык-экономикалык, инфраструктуралык өнүгүүсүнө чоң салым кошуп келе жаткан ири өндүрүштөрдүн сап башында экенин кошумчалады.

Бул жылы “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунда өндүрүш жумуштарынын башталганына 91 жыл болду. Бүгүнкү күндө ал өлкөдөгү мунай жана жаратылыш газына чалгындоо иштерин жүргүзүү, мунайды кайра иштетүү жана аларды сатуу боюнча бүтүндөй бир толук өндүрүштүк циклди өзүнө камтыган жападан жалгыз эң ири ишкана. Ал Кочкор-Ата, Майлуу-Суу жана Жалал-Абад шаарларынын калкын жаратылыш газы менен камсыздап келет.

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген