Сузакта жаңы оңдолгон канал аркылуу миң гектар жерге суу берилип жатат
Сузак районуна караштуу Көк-Арт айыл аймагынын Жерге-Тал айылындагы каналды реабилитациялоо иштери аяктады.
Маалыматка ылайык, Сузак районуна караштуу Жерге-Тал айылындагы Х3 каналында реаблитациялоо жумушу бүткөрүлдү. Тактап айтканда, андагы аймактагы каналдын 2 чакырым 800 метрине латок жаткыруу жумушу бүтүп, гектарлаган талааларга суу жеткирүү жолго коюлду. Ага Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду тарабынан 5,5 миллион сом акча каражаты бөлүнгөн.