Сузак: Жерге-Тал айылында 25 млн сомго спорт залдын курулушу башталды

0

Сузак районунун Жерге-Тал айылында 25 млн сомго спорт залдын курулушу башталды.М.Орозалиева мектебинде курулуп жаткан спорт залдын жалпы сметалык баасы 31 миллион сомдон ашат.

Тендерден “Сапат-Нур” ЖЧКсы 25 миллион сомдон ашуун каражатка утуп алган. Республикалык бюджеттен каржыланып жаткан бул объекти план боюнча жыл аягына чейин курулуп бүтүшү керек.

Курулуш ишин колго алган компаниянын өкүлдөрү объектини декабрь айынын аягында өткөрүп берерин айтышты.

 

 

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген