Жалал-Абаддагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүү жүрдү
Бүгүн, 7-сентябрь күнү, КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жана Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров Кытай Эл Республикасынын айлана чөйрөнү коргоо боюнча комплекстүү башкаруу министри Ван Хайлун баш болгон кытайлык ишкерлердин тобу менен жолугушту.
Анын алкагында Жалал-Абад облусунда өз ара соода жүгүртүүнү өнүктүрүү, өндүрүш тармагындагы биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу башкаруу, курчап турган чөйрөнүн булганышынын алдын алуу багытында тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.