Аксы районунда үч жаңы мектеп ачылды
Аксы районунундагы К.Кулназаров атындагы №56 жана А.Кулубаева Дардак-Дөбө мектептери ачылды. Үч мектептин тең ачылышына өкмөт башчысы Акылбек Жапаров катышты.
Минкабдан Кулубаев атындагы №64 Дардак-Дөбө мектеби 100 балага ылайыкталганын билдиришти. Анын курулушу августта башталып, бюджеттен 81 млн сом бөлүнгөн.
Эми окуучулардын ата-энелери балдары үчүн кабатыр болбойт, айрыкча кышкысын, себеби эми мектепке 3,5 чакырым жөө журүшпөйт. Жаңы мектеп — жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн гана эмес, жаркын келечектин символу”, — деди Жапаров мектептин ачылышында.
225 орунга ылайыкталган Алыкулов атындагы эки кабаттуу мектептин курулушуна бюджеттен 66 млн сом бөлүнгөн. Ал эми 150 балага ылайыкталган Кулназаров атындагы мектебине 44,8 млн сом жумшалган.