Абсаттар Сыргабаев “Белбоо күрөшү” боюнча Өзбекстанда өткөн мелдештин жеңүүчүлөрүн куттуктады

0

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев “Белбоо күрөш” федерациясынын Кыргызстандагы президенти Чынгыз Аканов жана Өзбекстандын Хива шаарында өткөн “Этно спорт” фестивалынын жеңүүчүлөрү менен жолугушту.

Иш-чара үстүбүздөгү жылдын 7-сентябрынан 10-сентябрга чейин өтүп, отуздан ашуун мамлекеттин спортчулары күч сынашкан. Кыргызстандын курама командасынан барган төрт спортчунун үчөө алдыңкы орунду камсыздаган.

Алардан, 75 кг салмакта Казбек уулу Ирлан 2-орун, 82 кг салмакта 3-орунду Элдияр Сексенбаев, 100 кг салмакта 3-орунду Топчубек Алымжан уулу камсыздаган. Жолугушууда ыйгарым укуктуу өкүл балбандарды Жалал-Абад облусунда улуттук спортту жайылтууга жана өнүгүүсүнө кошкон салымдарын белгиледи. Мындан ары да талбай аракеттенүүгө чакырып, жаңы жетишкендиктерди каалады.

Спортчулар Жалал-Абад шаарындагы “Исхак Раззаков” атындагы олимпиадалык резерв балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде машыгып келет.

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген