Жалал-Абадда Баткен окуясында курман болгон жоокерлер эскерилди

0

Бүгүн Жалал-Абад облусунда 2022-жылдын 14-15-16-сентяьрь күндөрү Баткен облусундагы куралдуу кагылышууда каза болгон жоокерлер эскерилип, куран окулду.

Ага маркумдардын жакындары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, УКМКнын Чек ара кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Сапарбек Токтосунов, облус мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада облус башчысы жоокерлердин жакындарына көнүл айтты. Мындан ары өлкөдө ар дайым тынчтык болуусун тилеп, эл-жердин бүтүндүгү үчүн өз жанын аябаган эр азаматтардын элеси түбөлүкө сакталаарын белгиледи. Мындан сырткары маркум жоокерлердин жакындарына облустук, райондук жана жергиликтүү бийлик тарабынан көрсөтүлгөн акчалай колдоолорду тапшырды.

Эске салсак, 2022-жылдын сентяьрь айындагы кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу кагылышта Жалал-Абад облусунан жалпы 10 жоокер курман болгон. Алардын жакындарына мамлекет тарабынан Бишкек шаарынан бир бөлмөлүү батир жана акчалак жардамдар көрсөтүлгөн.

 

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген