Ноокендин акими Таалайбек Ишенбеков Каб. Миндин Ардак грамотасы менен сыйланды
Жумуштагы жетишкендиктери үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнүнө карата Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун акими Таалайбек Ишенбеков Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйланды.
Бүгүн аны облустук коллегияда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев тапшырды. Өкүл район башчысын куттуктап, мындан кийинки иштерине да ийгиликтерди каалады.