Ноокен районунда ири текстиль фабрикасы курулат

0

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Арал айылында Өзбекстан Республикасынын Наманган облусундагы “Art Soft Holding” ЖЧК менен биргеликте пахта класстери багытындагы ири текстиль фабрикасы курулат.

Демилгени ишке ашыруу максатында Ноокен районунун акими Таалайбек Ишенбеков менен “Art Soft Holding” ЖЧКсынын директору Равшанбек Шамсиддинов эки тараптуу келишимдерге кол коюшту.

Фабриканын курулушу аяктаса жергиликтүү калкка 500дөн ашуун жаңы жумуш орундары түзүлүп, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү артаары мерчемделген. Ошол эле учурда райондогу кошумча жаңы пахта аянттарын өздөштүрүүгө шарт түзүлөт. План боюнча долбоордун жалпы наркы 30 млн долларды түзөт.

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген