Жалал-Абад облусунда массалык ишембилик өттү

0

Бүгүн, 16-сентябрдагы Республикалык тазалык күнүнө карата Жалал-Абад облусунун бардык район-шаарларында массалык ишембилик уюштурулду.

Өнөктүккө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев баштаган аппараттын кызматкерлери, облустук жана шаардагы мекеме ишканалардын жамааттары активдүү катышты.

Алар калаадагы Аюб-Тоо участкасын, жаңыдан курулган флагшток жана “Жалал-Абад” стелласынын айлана чөйрөсүн таштандылардан арылтышты.

Ыйгарым укуктуу өкүл республикалык тазалык күнүн уюшкандыкта өткөрүү үчүн Жалал-Абад облусундагы бардык район-шаарлардын башчыларына тийиштүү тапшырмалар берилгенин белгиледи.

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген