Сузактын тургуну Асан Ботобаевге жаңы майыптык араба тапшырылды
Бүгүн Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагынын Жалгыз-Жангак айылынын тургуну, 1-топтогу майыптыгы бар Асан Ботобаевге жаңы майыптык араба тапшырылды.
Ал кечээ, 15-сентябрь күнү, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында өткөрүлгөн облустук спартакиадага катышып, жарышта эскирген майыптык арабасынын улам, маарага жетип келе албаганын айтып өкүнгөнү социалдык тармакка чыккан.
Окуядан кийин облус башчысы аталган жаранга жеке каражатынан майыптык араба сатып берээрин айткан. Бирок, бул маселени Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги чечүү жоопкерчилигин алып, жаңы майыптык арабасын жиберген.
Бүгүн аны Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев тапшырды.