“Түштүк Экспо – 2023” көргөзмө-жарманкеси башталды

0

Бүгүн С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында “Бүткүл дүйнөлүк туризм күнү” белгиленип, VII Эл аралык “Түштүк ЭКСПО-2023” көргөзмө-жарманкесинин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Аталган көргөзмө-жарманкеде айыл чарба, тамак-аш азыктары, кеңсе буюмдары, техника, курулуш, кийим-кече өндүрүшү, үй-тиричилик, туристтик жана кол өнөрчүлөрдүн буюмдары, шаардагы жогорку окуу жайлардын жаңы мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлгөн.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев да катышты. Үч күнгө созулган көргөзмө-жарманкеде “Аймактарды туруктуу өнүктүрүү үчүн өнөктөштүк” аталышындагы бизнес-форум өткөрүү болжолдонгон.

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген