Жалал-Абадда акын жана котормочу Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгы белгиленди

0

Бүгүн, 23-сентябрь күнү, Жалал-Абад шаарында КРнын “Эмгек баатыры” артыкчылык даражасынын ээси, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, акын жана котормочу Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдык мааракеси белгиленди. Анда Жалал-Абад шаарынын Спутник аймактык башкармалыгында ысымы ыйгарылган Т. Байзаков эс алуу багында акынды эстелиги ачылды.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүнорун басары Эркинбек Маматаев, Маданият министринин орун басары Айнура Аскарова, Жогорку Кеңештин депутаттары, маданият ишмерлери жергиликтүү бийлик жана маркум Түмөнбай Байзаковдун жакындары катышты.

Облус башчысынын орун басары Кыргыз элинин маданият тармагынын өнүгүүсүнө бараандуу салым кошкон, адабияттын дыйканы, көркөм сөз чебери Түмөнбай Байзаковдун өмүр жолу, чыгармачылыктагы өзгөчөлүктөрүнө токтолду. Ал 100 жылдык юбилейлик датаны жогорку деңгээлде белгилөө максатында Жалал-Абад облусунун аймактарында бир катар иш-чаралар колго алынганын кошумчалады.

 

 

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген