Жалал-Абад облусу менен Казакстандын Актөбө облусу кызматташат

0

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев 22-23-сентябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жетектеген мамлекеттик делегациянын курамында Казакстан Республикасынын Тараз шаарында өтүп жаткан кыргыз -казак өкмөттөр аралык Кеңешинин 11-жыйынына жана Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын I аймактар аралык кызматташтык форумуна катышууда.

Анын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Казакстан Республикасынын Актөбө облусунун Акимчилигинин ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген