Жалал-Абадда кырсыктардын алдын алуу боюнча машыгуу өттү
Бул багытта бүгүн, 27-сентябрь күнү, Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында жөө жүрүш жана практикалык машыгуу көргөзмөсү өттү.
Демилге “5-октябрь – Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүнө” карата жарыяланган бир айлыктын алкагында, ӨКМдин облусундагы башкармалыгы тарабынан уюштурулган. Ага ылайык, облус башчысынын атайын буйругу чыгып, Жалал-Абад шаарында кырсыктардын алдын алуу иш-чарасы уюштурулган.
Борбордук аянттагы машыгуу көргөзмөгө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, КРнын ӨКМнин Жарандык коргонуу башкармалыгынын башчысы Алмаз Асанов, Жалал-Абад облустук Жарандык коргонуу кызматтары, Кызыл Ай коомунун облустук филианынын кызматкерлери, жогорку, орто окуу жайларынын студенттери жана окуучулар катышты.
Машыгууда өзгөчө кырдаалдар катталган учурундагы куткаруу жумуштары, мектеп окуучуларынын сүрөт сынагы, өрт коопсуздугун камсыз кылуудагы окуучулардын ролу, биринчи жардам көрсөтүү жана чатыр тигүү сыяктуу бир катар сынак жана практикалык көрүнүштөр коюлуп, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.
Мамасалы Акматов мындай иш-чаралар ар түрдүү кырсыктардын тобокелин алдын алуу жана азайтууга, куткаруучулардын күжүрмөн даярдыктарын жогорулатууга шарт түзөөрүн билдирди.