Облустук бийлик карылар үйүнөн кабар алды

0

Эртен, 1-октябрь–Улгайган адамдардын эл аралык күнүн утурлай Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Уларбек Исмаилов Сузак районундагы Карылар үйүнүн жашоочуларынан кабар алды.

Аппарат жетекчи социалдык стационардык мекемедеги улгайган жарандарды куттуктап, ыйгарым укуктуу өкүлдүн резервдик фондунан бөлүнгөн 30 миң сом акча каражатын тапшырды. Ал карыяларга жылуу каалоо-тилектерин айтып, ар дайым мамлекеттин камкордугунун астында экенин белгиледи. Сузак районунун Багыш айыл аймагындагы карылар үйүндө 93 адам жашайт. Алардын арасында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер да бар. Бул жылы республикалык бюджеттен 7 млн сом акча каражаты бөлүнүп, мекемеге жаңы мончо курулуп жатат.

Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата облустун бардык район-шаарларында карыларга камкордук көрүү, социалдык муктаждыктарынан кабар алуу боюнча тийиштүү тапшырмалар берилген.

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген