Жалал-Абадка Бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын дарыгерлери келди

0

Бүгүн Жалал-Абад шаарына Бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын 30дан ашуун дарыгерлер бригадасы келди. Алар бир жума бою шаарда жайгашкан Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургия илимий борборунда 15 жаштан жогорку, жүрөк ооруларынан жабыркаган 130га жакын жаранга акысыз операцияларды жасайт.

Мында оорулуулардан эң алгач социалдык абалы оор, мүмкүнчүлүгү чектелген муктаж жарандар тандалып алынат. Бул иш-чара 29-сентябрь–Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнүн алкагында уюштурулган.

Жалал-Абад аэропортунан дарыгерлерди Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиялык борборунун башкы дарыгери Луиза Абдибалиева, Кыргызстандын башкы кардиохирургу Калдарбек Абдраманов, облустук жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тосуп алышты.

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген