Жалал-Абадда Кыргызстан менен Россиянын “Достук” паркы курула баштады

0

Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын аймактарынын достук паркы түзүлөт.

Бул паркты куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук капсула салышты.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артём Новиков бул парка коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн аянтча, парк павильондору, веложолдор, балдар аянтчалары, ролик аянтчасы, стол оюндары жана шахмат аянтчасы, ошондой эле спорттук кластер (баскетбол, кичи-футбол) курулат. Парктын аянты болжол менен 7 гектарды түзөт. Курулуш иштери кийинки жылы бүтөөрү күтүлүүдө. Жалпы инвестициянын көлөмү 2 млн доллар.

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров өз сөзүндө “Кыргызстан менен Россиянын аймактарынын достук паркын” курууга капсула салынышы менен эки элдин жана эки өлкөнүн байланыштары достук мамилелеринин ачык далили жана тарыхый жактан бекемделгендигин белгиледи.

 

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген