Жалал-Абадда Кыргыз-Россия аймактар аралык онунчу конференциясы өттү

0

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Жалал-Абад шаарында өтүп жаткан “Кыргызстан менен Россиянын өнөр жай кооперацияларынын жаңы горизонттору” кыргыз-орус аймактар аралык X мааракелик конференциясына катышты.

Иш-чаранын башында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жана Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин видеокайрылуулары тартууланды.
Конференциянын пленардык жыйынында сүйлөгөн сөзүндө МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров, аймактар аралык конференция натыйжалуу аянтча болуп калганын жана эки өлкөнүн аймактарынын ортосунда бардык тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты курууга туруктуу умтулуунун чагылдырылышын белгиледи.

Анын айтымында, мааракелик иш-чараны өткөрүү үчүн Жалал-Абад шаары жөн жерден тандалып алынган эмес. Бул жер Кыргызстандын Бишкек жана Ош шаарларынан кийинки үчүнчү чоң шаары жана ушул эле аталыштагы облустун административдик борбору. Дал ушул Жалал-Абад Советтер Союзунун тушунда буткул союздук маанидеги бир катар маанилуу өнөр жай шаарларын өзүнүн тегерегине бириктирген.
“Заманбап шарттарда Кыргызстан менен Россия өнөр жай кооперациясына басым жасоо менен өздөрүнүн улуттук экономикасын модернизациялоо жана инновациялык өнүгүү боюнча окшош маселелерди чечип жатышат. Биздин өлкөлөрдүн өкүлчүлүк делегациялары менен юбилейлик конференция Россия Федерациясынын Президенти, урматтуу Владимир Владимирович Путиндин Кыргыз Республикасына чыдамсыздык менен күтүлгөн расмий сапарынын алдында өтүп жаткандыгы абдан кубандырат”, – деди ал.

Акылбек Жапаров билим берүү тармагындагы кызматташуунун таасирдүү динамикасына токтолду, анын оюу боюнча, бул эки өлкөнүн ар тараптуу кызматташуусуна негиз болот, анын ичинде өнөр жай кооперациясы бар.
Бул багытта ал үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрында Мамлекет башчылары Бишкек, Баткен жана Каракол шаарларында орус тилинде окутуу пландалган 9 мектептин үчөөнүн курулушун расмий түрдө баштаганын, алардын ар бири 1224 орунга эсептелгенин эске салды.

Бул жаатта орус тараптын инвестициясы 500 млн долларды түзөт. Ошондой эле Каракол шаарында М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалын ачуу жөнүндө Жарлыкка кол коюлган. Россия кызматташуусу аркылуу 2024-2025-окуу жылына карата Кыргызстанга өлкөнүн жаш жарандарын Россия Федерациясынын ЖОЖдорунда окутуу үчүн 1000 максаттуу квота бөлүнөт.
МинКаб Төрагасы Кыргызстан менен Россиянын аймактар аралык кызматташуусу эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн эки тараптуу күн тартибиндеги иштеринде дайыма турааарын, анткени кыргыз-орус мамлекеттер аралык байланыштары облустар менен шаарлардын түз өз ара аракеттенүүсү, аймактар аралык достук мамилелери жана иштиктүү коммуникациялар маанилүү бөлүгү болоорун ишендирди.

“Президент Садыр Нургожоевич Жапаров өз сөзүндө белгилегендей, “Кыргызстан менен Россиянын аймактарынын ортосундагы диалог – бул көп кырдуу кызматташтыкты курууга жана эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн прогрессивдүү өнүктүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк”. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы Россия Федерациясынын дээрлик бардык субъекттери менен бекем байланышта, алардын жетекчилери жана өкүлдөрү бүгүн ушул залда отурушат. Биз урматтуу Алексей Логвинович менен бирге төрагалык кылган соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссия менен бирге Свердлов облусу, Москва жана Санкт-Петербург шаарлары менен өкмөттөр аралык комиссиялар иштеп жатат. Биз ошондой эле Татарстан, Башкортостан, Тюмень облустары жана Россия Федерациясынын башка субъекттери менен жол карталарын ишке ашыруудабыз. Бир тууган шаарлар менен байланыштарды түзүү, облустарыбыз менен шаарларыбыздын ортосунда экономикалык, маданий жана башка байланыштарды түзүү жана өнүктүрүү боюнча 10дон ашуун келишимдер бар”, – деген Акылбек Жапаров, аймактар аралык деңгээлде соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу боюнча 40тан ашуун келишим түзүлгөнүн кошумчалады.

Аймактар аралык келишимдердин катары бүгүн биздин өлкөлөрдүн Баткен жана Челябинск облустарынын, Баткен жана Свердлов облустарынын, Жалал-Абад жана Красноярск шаарларынын, ошондой эле Ош жана Иркутск облустарынын ортосундагы документтер менен толукталат.

Бөлүшүү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген